Салык кызматынын электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбооруна 13 ири компания катышууда

0
917

29-октябрь. BizNews — Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын эсеп-фактураларды электрондук документ түрүндө колдонуу боюнча пилоттук долбооруна 13 ири компания катышууда. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы билдирүүдө.

Анын ичинде «Аман банк» ААК, “Кыргызстандын Улуттук электр тармагы” ААК «Кыргызалтын» ААК, “Кыргызаэронавигация», “Кыргыз темир жолу”  мамлекеттик ишканасы, «Шоро» ЖАК, «Түндүк электр» ААК, «5 канал»  ЖАК, “Сибирь Трейд” ЖАК, “Форестер» ЖЧК, «Халык банк» ЖЧК, «Джунда» ЖЧК, «Темир Тулпар» ЖЧК.

Кошумча нарк салыгын төлөөчүлөр ыктыярдуу негизде пилоттук долбоорго катышат. Алар эсеп-фактураларды түзүүнүн жана электрондук документ түрүндө жүгүртүүнүн убактылуу тартибине ылайык пилоттук долбоордун катышуучусу катары каттоодон өткөн.

Пилоттук долбоорго катышуу анын катышуучуларына маалыматтык системанын иши менен алдын ала таанышууга жана зарыл болгон учурда аны жакшыртуу жана жеткире иштеп чыгуу боюнча сунуш киргизүүгө мүмкүндүк берет.

Эскерте кетсек, электрондук документ түрүндөгү эсеп-фактураларды колдонуу боюнча пилоттук долбоор Кыргызстанда 2019-жылдын 1-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык ишке киргизилген.

Пилоттук долбоор өткөрүлгөндөн кийин 2020-жылдын 1-январынан тартып электрондук эсеп-фактураларды колдонуу боюнча милдет бардык КНС төлөөчүлөргө, импорттоочуларга жана экспорттоочуларга таркатылат.

Белгилей кетсек, электрондук документ түрүндө эсеп-фактураны колдонуу боюнча долбоор салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун электрондук системасынын компоненттеринин бири болуп саналат. Салык кызматы ошондой эле салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу долбоорунун бир катар башка компоненттерин да (АМСке КММ берүүнү эсепке алуунун автоматташкан системасы, Виртуалдык ККМ, товарларды идентификациялоо каражаттары менен маркалоо, “Жыйынды пост» АМС жана башка) ишке ашырууда.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here