Ош шаарында зергер тармагындагы өндүрүштүн маселеси талкууланды

0
2831

10-декабрь. BizNews — Ош шаарында зергер тармагындагы өндүрүштүн маселелерин талкулоо үчүн Сунуштарды жана чечимдерди иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун көчмө жыйыны өттү.

Жыйындын катышуучулары зергерчилик өндүрүш боюнча мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жана укуктук шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты.

Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматовдун айтышы боюнча азыркы убакта биздин алдыбызда маанилүү суроо турат: «Бүгүн Кыргызстандагы зергер тармагындагы өндүрүшүнтүн өсүп-өнүгүшүн кантип камсыз кыла алабыз? Ушул маселени талкуулашыбыз керек болуп турат. Бул тармак башка байланышкан экономикалык багыттарга дагы чоң мультипликативдик эффект берет. Байланышкан багыттар – бул кен казуу, кайра иштетүү (аффинаж), ал гана эмес, кызмат көрсөтүү, соода, логистика, керек болсо, документалдык текшерүүлөрдүн ордуна санариптик мониторинг киргизүү».

«Биздин негизги максатыбыз – мамлекеттик көзөмөлдү жана азыр жүрүп жаткан саясатты өзгөртүү (чийки заттарды экспорттоого караганда аларды кайра иштетүүгө басым жасоо). Экинчи максат – сырьену эркин сатып алууга укук берүү жана укуктук мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн мыйзамга өзгөртүү киргизүү. Үчүнчү максат – көзөмөлдөөчү текшерүү системанын регулятивдик таасирин азайтуу. Төртүнчү максат – зер буюмдарын өндүрүү тармагында атаандаштыкка жөндөмдүү салык системасын түзүү», — деди Акматов.

Видео материал: Ынтымак Медиа

 

 

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here