Ереван шаарында ЕЭК Кеңешинин кезектеги жыйыны болду

0
1591

1-октябрь. BizNews — Ереван шаарында (Армения Республикасы) Евразия экономикалык кеңешине мүчө-өлкөлөрдүн вице-премьер-министрлеринин деңгээлиндеги Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин мүчөлөрү бекитилген күн тартибине ылайык 17 маселени карашты.

Евразия экономикалык кеңешине мүчө-өлкөлөрдүн бюджеттеринин ортосундагы ташып келүүдөн алынуучу бажы алымдарын бөлүштүрүү ченемдери жөнүндө маселе жыйындын негизги темасы болду.

Андан соң 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган документтерди даярдоо боюнча иштердин жүрүшү тууралуу маалыматтар айтылды.

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын сунуштарын эске алуу менен, жолугушуунун катышуучулары 2025-жылга чейин евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарын аныктаган документке түзүмдүк иш кагаздарды же белгилүү бир иш-чаралар жазылган жана аны аткаруунун мөөнөтүн көрсөткөн жол картасын камтууну  макулдашты. Документ 2019-жылдын декабрь айына чейин каралышы керек.

Мындан тышкары Евразия экономикалык кеңешинин негизги өнөктөштөрү менен соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн усулдары жөнүндө ой-пикирлер айтылды.

Кеңештин мүчөлөрү мындай кадамдын экономикалык максатын белгилеп, үчүнчү тараптардын тизмеси менен эркин соода жөнүндө келишимди түзүүгө жана алар менен консультация жүргүзүүгө макулдашышышты.

Тараптар ошондой эле Евразия экономикалык кеңешинин ички рыногундагы тоскоолдуктар тууралуу маалыматтарды угушту, ага ылайык ички рынокто 56 тоскоолдук аныкталаган жана анын 37си жоюлду, мунун 8и 2019-жылдын башында аныкталган.

Ушул маселенин алкагында Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян Россия тараптан Кыргыз Республикасына айына миң рублдан ашык которбоо боюнча киргизген чектөөсүнө байланыштуу  маселени айтты.

Ал Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2019-жылдын 27-сентябрында Бишкек шаарында өткөн жолугушууда бул маселени көтөргөнүн белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында бул маселени Россия Федерациясынын Борбордук банкы Евразия экономикалык комиссия менен биргеликте иштеп чыгууну өтүнүү жана 2019-жылдын 25-октябрында өтө турган кезектеги Евразиялык өкмөттөр аралык кеңеште тиешелүү маалыматтарды көрсөтүү чечими кабыл алынды.

Жыйындын жүрүшүндө ЕАЭБдин мындан аркы интеграциялык өнүгүшүнө багытталган бир катар документтер кабыл алынды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here