2019-2023-жылдарга фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алкактык программа бекитилди

0
928

30-июль. BizNews — Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2019-2023-жылдарга  фитосанитардык коопсуздугун камсыз кылуу боюнча алкактык программасын бекитти. Тиешелүү чечимге премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирүүдө.

Айыл чарбасы өлкө экономикасынын маанилүү сектору экендигин эске алганда, республиканын фитосанитардык бакубатчылык эң чоң роль ойнойт. Айыл чарба продукцияларын экспорттоо республиканын экономикасына валюталык толуктоолордун башкы булактарынын бири болуп саналат.

Алкактык программанын негизги бөлүгү төрт негизги артыкчылыктарга багытталлган. Биринчи артыкчылык өсүмдүктөрдүн карантининин потенциалын жетиштүү деңгээлде камсыз кылат, экинчиси – өлкөнүн өсүмдүктөр ресурстарын коргоо үчүн импортко карата тийиштүү фитосанитардык чаралардын колдонулушун камсыздайт, үчүнчүсү – өсүмдүк өндүрүмдөрүн эл аралык соода-сатыкка чыгаруу үчүн экспортту ишенимдүү сертификаттоо системасын түзүүнү камсыз кылат, төртүнчүсү – көзөмөлгө алуу (контролдоо) иш-аракеттери аркылуу азык-түлүк жана айлана-чөйрө үчүн коркунуч туудурган тобокелдиктерди кыскартууну камсыздайт.

Аталган артыкчылыктуу багыттардын ар бири Алкактык программанын текстинде толук түрдө баяндалган негизги маселелерди чечүүгө багытталган.

Өлкөдө багбанчылык, жашылча, бахча өстүрүүчүлүк, республиканын түштүгүндө жасалма суугаруу менен пахта, кант кызылчасы, тамеки, күрүч, жогорку түшүмдүүлүктү берүү менен өнүгүүдө.

Карантиндик, өзгөчө өтө коркунучтуу жана зыяндуу организмдердин тегиз жайылып жана коркунуч күчөтүшү, айыл чарба өндүрүүчүлөр үчүн, өсүмдүктөрдүн биологиялык өзгөчөлүктөрү жана табигый жашоо жерлери, ошондой эле экосистемалары, республикадагы өсүмдүктөрдү коргоо жана карантини кызматы үчүн башкы көйгөй болуп калууда. Жаңы зыяндуу организмдер дайыма идентификацияланат, же белгилүү зыяндуу организмдер көбүрөөк жайылып зыян алып келүү менен сооданы жана климатты өзгөртөт.

Буга байланыштуу фитосанитардык коопсуздук системасын өнүктүрүү маселесин ишке ашыруу артыкчылыктуу багыттардын бири болуп эсептелет.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here