Журналистер үчүн сынак жарыялайбыз!

0
2122

2016 ж. 15 октябрдан 20 — мартка чейин ай сайын өткөрүлүүчү Кыргыз Республикасындагы коррупцияга каршы иш-аракеттерди чагылдырган эн мыкты медиа-материалга сынак жарыяланат.

Сынак Бизнес Ассоциациялардын Улуттук Альянсын алдында иштеген «БизЭксперт» Аналитикалык борбор тарабынан «Кыргыз Республикасынын туруктуу экономикалык онугууго комоктошуу» программасынын жардамы менен өткөрүлөт.
Сынак коррупция чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелерди жана Кыргызстандагы аларга каршы өткөрүлүп жаткан иш чараларды чагылдырууга багытталган.
Сынак 2 номинация боюнча өткөрүлөт:
1) Басма сөз жана интернет ММКларда коррупцияга каршы иш-аракеттерди чагылдырган эн мыкты жарыялоо.
2) Теле радио ММКларда коррупцияга каршы иш-аракеттерди чагылдырган эн мыкты жарыялоо.
Кыргыз жана орус тилиндеги материалдар кабыл алынат.

Жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн тандап алуу комиссия түзүлөт. Анын курамына ишкердик, медиа жана коррупцияга каршы политика чөйрөсүндөгү эксперттер чакырылат.
Сынактын шартына ылайык материалдар айтылган убакыт ичинде naba@bizexpert.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү зарыл.
Материалдарды карап чыгуу натыйжалары боюнча сынактын ар бир мөөнөтүндө жеңүүчүлөр аныкталып, байгелер тапшырылат.
Байге тапшыруу церемониясы Бишкек шаарында өткөрүлөт.
Кошумча суроолор боюнча +996 312 93-55-81 телефонуна кайрылсаңыз болот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here