Салык кызматы чек арадан ун, буудай, автотетик жана башка товарларды алып келүүдө мыйзам бузууларды аныктады

0
1708

10-октябрь. BizNewsМамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери мамлекеттик чек аранын кыргыз-казак чек арасында жайгашкан контролдук өткөрмө пункттарына жакын жердеги товарларды эсепке алуунун убактылуу пункттарынан ун, буудай, түтүктөрд, ири мүйүздүү малдарды жана башка товарларды алып келүүдө мыйзам бузуу фактыларын аныкташты. Бул тууралуу МСКнын басма-сөз кызматы билдирүүдө. 

«Алсак, 9 тонна ун, 50 тонна буудай, 35 баш ири мүйүздүү мал, ар биринде 40билд ирүүдө тонна көлөмүндөгү күйүүчү май ташуучу 2  бочкасы бар автомашина кармалган. Импортоочуларда товарды ташып келүүгө салыктык каттоо жөнүндө салык органынын маалымкаты болгон эмес», — деп айтылат билдирүүдө.

Ушул эле жерде 14,8 тонна түтүктү ташып келүү фактысы аныкталган. Текшерүүдө коштомо кагаздагы маалыматтар эсеп-фактуранын маалыматтарына ылайык келбегендиги аныкталган.

Ушул эле постто 708 даана автотетиктер, 24 жасалма газондун түрмөгү, 155,7 миң чарчы метр кездеме, 1 тонна латекс жиптерди өткөрүү аракетине бөгөт коюлган. Импорттоочуларда товарды алып келүүгө уруксат документи болгон эмес.

Мыйзам бузуу материалдары мобилдик топко (ЭККМК) андан аркы иш-чараларды өткөрүү үчүн өткөрүлүп берилди.                                                                                                                                     

                                                                                                                               

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here