Ак таңдай акындар акча-кредит саясатын түшүндүрүп ырдашат

0
3638

18-октябрь. BizNews — Улуттук банк калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасынын алкагында кеңири маалымат берүү үчүн төкмө акындар менен биргеликте атайын роликтерди даярдады.
Инфляция, акча-кредит саясаты, акча алмаштыруу курсу, борбордук банктын функциялары өңдүү экономикалык түшүнүктөрдү акындар белгилүү элдик обондорго салып чечмелеп ырдап беришет.
Бул долбоор салттуу элдик чыгармачылык ыкмасын колдонуп, Улуттук банктын аткарган ишине байланыштуу финансылык түшүнүктөрдүн, терминдердин маанисин ачып түшүндүрүү, кесиптик маалыматты акындардын тили менен калайык калкка жеткирүү максатын көздөйт.
Учурда беш ырдан турган аудио жана видеороликтер даярдалды. Алар социалдык тармактарда жана телерадиоканалдарда көрсөтүлөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here